Урматтуу изилдөөчүлөр!
Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Айыл чарба факультети тарабынан уюштурулган эл аралык Манас Түрк Дүйнөсү Айыл Чарба Конгресси сиздердин салымыңыздар менен 2025-жылдын 21-23-майында Бишкек шаарында жүзмө-жүз өтөт.
Бул конгресс Түрк дүйнөсүндө айыл чарба өндүрүшү, технология жана туруктуулук темалары боюнча маалымат алмашууну жогорулатуу, айыл чарбадагы учурдагы көйгөйлөргө чечим сунуштоо жана илимий кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулууда. Конгрессибиз айыл чарба илимдерине байланышкан ар кыл дисциплиналарды бириктирип, жалпы көйгөйлөргө көп тараптуу ыкмаларды сунуштоону көздөйт.
Конгрессте улуттук жана эл аралык деңгээлде таанылган чакырылган докладчылар сөз сүйлөшөт. Ошондой эле, айыл чарба илимдеринен тышкары, биотехнология, инженерия, экономика жана айылдык өнүгүү тармагында иштеген бардык изилдөөчүлөр чакырылат.
Конгресстин расмий тилдери кыргызча, түркчө жана англисче болот. Конгрессте сунушталган докладдардын тезистери ISBN номери бар Конгресстин аннотациялар жыйнагында жарыяланат. Ошондой эле, авторлордун каалоосуна жараша, докладдардын толук тексттери MJAVL (Manas Journal of Agriculture and Veterinary Life Sciences) журналынын атайын чыгарылышында жарыяланат.
Сиздерди 2025-жылдын 21–23-майында өтө турган “Түрк дүйнөсүндө туруктуу айыл чарба жана кызматташтык” негизги темасы менен эл аралык Манас Түрк дүйнөсү айыл чарба конгрессине катышууга чакырабыз.
Сый-урмат менен,
Манас Түрк дүйнөсү айыл чарба конгресси уюштуруу комитети